АКШ аба күчтөрүнүн жаңылыш соккусунан Мосулда 90 жоокер көз жумду

© REUTERS / STRINGERМосулдагы Ирак аскрелеринин унаасы. Архив
Мосулдагы Ирак аскрелеринин унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мосулду согушкерлерден бошотуу аракеттерине күрд күчтөрү, Ирак аскерлери жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аба күчтөрү катышып жатат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын аба күчтөрүнүн Ирактын Мосул шаарына жасаган жаңылышкан соккуларынан 90дой жоокер көз жуумп, 100дөй адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып маалымдады. 

Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядан Cирия менен Иракка 3,2 миңден ашуун адам чыгып кеткен
Мосулду "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлеринен бошотуу аракеттери 17-октябрдан бери уланууда. Ага күрд күчтөрү, ирак аскерлери жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аба күчтөрү катышып жатат.

Factiniraq порталынын маалыматына ылайык, АКШнын аба күчтөрүнүн жаңылыш жасаган соккуларынан улам, Ирак армиясынын техникалары жабыркап, аскерлер кайра артка чегинүүгө мажбур болушкан.

Маалыматта ошондой эле аба соккусу болгон жерде Ирак аскерлеринин 9-дивизиясынын бир нече аскер кызматкерлери согушкерлердин колуна түшкөндүгү кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0