Samsung ишканасы Galaxy Note 7 телефондорун иштетпей турган болду

© REUTERS / Kim Hong-JiSamsung Galaxy Note 7. Архив
Samsung Galaxy Note 7. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган үлгүдөгү телефондордун аккумуляторлору күйүп кеткен учурлар көп катталгандан кийин компания 2,5 миллион телефонду сатыктан алган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Samsung компаниясы АКШдагы Galaxy Note 7 чөнтөк телефондорун колдонуудан алат. Бул тууралуу РИА Новости NBC News телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, ишкана телефондор үчүн атайын программа иштеп чыккан. Колдонуучулар программаны жүктөөрү менен телефон кубат алуунан токтотуп, мобилдик байланыштан үзүлөт.

"Бул кадам Galaxy Note 7 телефон аппататтарын толугу менен иштен чыгарат", — деп жазылат маалыматта.

Аталган программа үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында чыгарылат.

Белгилей кетсек, аталган үлгүдөгү телефондордун аккумуляторлору күйүп кеткен учурлар катталгандан кийин, компания 2,5 миллион аппаратты сатыктан алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0