Америка Сирияга дагы 200 аскер жөнөтөт

© AFP 2023 / NIKOLAY DOYCHINOV АКШнын аскер күчтөрү. Архив
АКШнын аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маалыматты Пентагондун расмий өкүлү Питер Кук өзүнүн Twitterдеги расмий баракчасына да жайгаштырды.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ Сириянын Ракка шаарын "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлеринен бошотуу аракетинде кошумча дагы 200 аскерин жөнөтөт. Бул тууралуу РИА Новости Пентагондун башчысы Эштон Картердин Манамдагы конференциядагы билдирүүсүнө шилтеме жасап маалымдады.

"Коргоо министрлиги Сирияга 200 аскерин жибере тургандыгын кабарлаган. Алар Ракканын жергиликтүү күч түзүмдөрүнө "Ислам мамлекети" террордук уюмун аймактан чыгарууга жардамдашат", — деп жазган Пентагондун расмий өкүлү Питер Кук өзүнүн Twitterдеги расмий баракчасында.

Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядан Cирия менен Иракка 3,2 миңден ашуун адам чыгып кеткен
Америка Кошмо Штаттары өзүнүн өнөктөштөрү менен 2014-жылдан бери Сирия жана Иракта "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операцияларды өткөрүүдө. Маалыматтарда Сириядагы бул аскерий аракеттер өлкөнүн бийлиги менен макулдашылбагандыгы көп жолу айтылып келет. Ал эми Россия Дамаскынын суранычы менен иш алып барууда.

Ракка учурда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Ирактын Мосул шаарынан кийинки Сириядагы расмий эмес борбору болуп саналат. Аталган шаарда 300 миңден ашуун адам согушчандар тарабынан 2013-жылы барымтага алынган. Учурда ал жакта Сириянын оппозициялык күчтөрү Ракканы бошотуу аракеттин көрүп жаткан учуру. 

Жаңылыктар түрмөгү
0