Нигерияда эки жолку жардыруудан 56 адам каза болду

© AP Photo / Ismail Alfa AbdulrahimЖарылуу болгон жердеги жашоочулар
Жарылуу болгон жердеги жашоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактылардын жоопкерчилигин азырынча эч ким мойнуна ала элек.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Нигериянын Мадагали шаарында жайгашкан базарда эки жолу жардыруу катталып, каза болгондордун саны 56га жетти. Бул тууралуу Рейтер агенттигине шилтеме берип РИА Новости маалымдады.

Аймактык бийликтин жетекчиси Юсуф Мохаммеддин айтымында, кырсыктан 56 адам каза таап, 57 адам жарадар болгон.

Скорая помощь в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытайда көмүр шахтасы жарылып 17 адам көз жумду
Терактынын жоопкерчилигин азырынча эч ким мойнуна ала элек.

Нигерия бийлиги шаарды былтыр "Боко Харам" радикалдык уюмунун согушкерлеринен бошоткон.

Учурда аскерлер террорчулар жашынып жүргөн Самбис токоюна ок атууда. 

"Боко Харам" радикалдык тобу Нигериянын түндүк-чыгышында өз өкүмүн жүргүзүп келет. Террорчулар бир нече ири, кандуу терактыларды жасаган. Алар бул каршылыгын Нигерия, Чад жана Камерун өлкөлөрүндөгү аларга каршы жасалган аскердик кампанияга жооп иретинде жасадык деп билдирип келишет. Согушкерлер билим берүүнүн батыштык моделине каршы туруп, өлкө боюнча шарияттын бардык эрежелерин киргизүү керек деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0