Окумуштуулар башы бар денеси жок жаныбар табышты

© Фото / Paul Gonzalez, Hopkins Marine StationЛичинка черва Schizocardium californicum
Личинка черва Schizocardium californicum - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаныбарлар Тынч океанды байырлап, жаныбарлардын калдыктары менен тамактанат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Окумуштуулар Тынч океандан башы бар денеси жок сойлоп жүрүүчү жаныбарды табышты. Бул тууралуу РИА Новости Current Biology журналына шилтеме берип кабарлады. 

Стэнфорд университетинин окумуштуусу Пол Гонсалестин айтымында, окумуштуулар өзгөчө жаныбарды кокустан таап алышкан. 

"Океан жаныбарларынын личинкаларын изилдеп жатып жаңы жаныбарга тушуктук. Аны жакшылап караганда, башы чоңоюп, денеси өспөй калган сөөлжанга окшош. Ал сууда сүзүүгө ыңгайлашкан", — деди Гонсалес. 

Окумуштуу аталган жаныбарлар Тынч океанды байырлап, жаныбарлардын калдыктары менен тамактанаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0