Пакистан Россия менен бирге аскердик машыгуу өткөрүүнү пландоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив
Россиянын аскер кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пакистандын Ички иштер миниистринин орун басары Тасним Аслам жакынкы убакта Пакистандын коргоо министри Россияга келип кетээрин маалымдады.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Пакистандын Ички иштер миниистринин орун басары Тасним Аслам Пакистан Россия менен бирге орус жергесинде аскердик машыгуу өткөрөбүз деген үмүттө экенин билдиргенин РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

"Биринчи машыгуу абдан жакшы өткөн. Биз аны баалайбыз. Менин оюмча калган машыгуулар дагы ушул жерден — Россиядан өтүшү керек. Аскердик машыгуу качан өткөрүлөрү азырынча тактала элек. Бирок, бул процесс сөзсүз уланат", — деди Тасним Аслам.

Мындан сырткары ал жакынкы убакта Пакистандын коргоо министри Россияга келип кетээрин кошумчалады.

Россия менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы алгачкы биргелешкен аскердик машыгуу "Дружба-2016" деп аталып, 24-сентябрдан 10-октябрга чейин Пакистандын аймагында өткөрүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0