Германия кылмыш кылган мигранттарды аныктоо үчүн Google Maps картасын түздү

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүСитуация с мигрантами в Германии
Ситуация с мигрантами в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Немис укук коргоочулары кайсыл жерде көп качкындар болсо ошол жактарда көп кылмыш иштери каттала турганын баса белгилешти.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Немис активисттеринен түзүлгөн топ кылмыш кылган мигранттарды аныктоо максатында Google Maps интерактивдүү картасын түзүштү. Бул тууралуу Sputnik агенттиги билдирди.

Активисттер долбоорго полиция кызматкерлеринен жана ЖМК өкүлдөрүнөн алган маалыматтарды колдонгон.

"Картада зордук-зомбулук, уурулук, адам өлтүрүү жана башка кылмыш иштери, ошондой эле 10 миңге чукул кырсык көрсөтүлгөн", — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, активисттер Германиядагы качкындар үчүн лагерлердин картасын да түзүшкөн. Бул карталарды түзүү менен активисттер "качкындар үчүн лагерлер канчалык алыс жайгашса, ошончо зордук-зомбулук азыраак болот" деген жыйынтыкка келишкен.

Активисттер долбоорду иштеп чыгуу менен немис эли үчүн Ангела Меркелдин миграция жаатындагы саясаты кооптуу экендигин айткылары келген.

"Биз элге Меркель Германияны кандай өзгөртүп жатканын айткыбыз келип жатат. Аялдар бир гана Кельндо эмес, жалпы Германияда коркунучта экенин көрсөткүбүз келди. Кооптуулукта бир гана аялдар эмес, улгайган адамдар, балдар да кабылып жатканын эскертебиз", — деп жазылат маалыматта. 

Немис укук коргоочулары кайсыл жерде көп качкындар болсо ошол жактарда көп кылмыш иштери каттала турганын баса белгилешти.

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери экинчи күчтүү миграциялык кризисти башынан өткөрүп жатат. 2015-жылы Германияга эле Түндүк Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн миллиондогон мигрант барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0