Парижде абанын булганышынан улам унаалардын кыймылы чектелди

© REUTERS / Benoit TessierАвтомобильное движение в Париже
Автомобильное движение в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трассаларда максималдуу ылдамдык катары саатына 20 чакырым менен гана жүрүүгө уруксат берилген.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Франциянын борборундагы абанын булганышы автоунаа кыймылынын чектелишине алып келди. Бул тууралуу Figaro газетасына шилтеме кылып РИА Новости билдирди. 

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү Парижде жана шаардын айланасындагы 22 коммунанын жолдорунда жуп сандагы номерлүү автоунааларга жүрүүгө уруксат берилди. 

"Парижде жана анын айланасында жол кыймылына чектөө киргизгенге макулдугун берген полицияга ыраазычылыгымды билдирем", — деп Париждин мэри Анн Идальго Twitter баракчасына жазып чыккан.

Мындан сырткары, трассаларда максималдуу ылдамдык катары саатына 20 чакырым менен гана жүрүүгө уруксат берилип, ошондой эле жүк ташуучу унааларга дагы чектөө киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0