БУУ тынчтык орнотуучу аскерлер Африкада кыз-келиндерди зордуктаганын аныктады

© REUTERS / Eric ThayerБУУнун желеги. Архив
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда тынчтык орнотуучу аскерлер тарабынан жашы жете элек 25 кыздын жабыркаганы айтылат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бириккен улуттар уюмунун иликтөөлөрүндө Борбордук Африка республикасындагы тынчтык орнотуучу деп жайгаштырылган аскерлердин ичинен сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасаган 41 факты аныкталган. 

Случаи насилия над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ошто милиция зордуктады делген студент кыз окуянын чоо-жайын айтып берди
Ички көзөмөл орган башкармалыгынын иликтөөсү апрелде башталып, төрт айга созулган. Иликтөө иштеринде Бурунди мамлекетинде тынчтык орнотуучулардан 25, ал эми Габон өлкөсүндөгүлөрдөн 16 шектүү аныкталган. Бардыгы болуп жабырланган 139 кыз-келин суракка алынган. 

2014-2015-жылдагы сексуалдык жактан ыдык көрсөтүүлөрдү иликтөө иштери жазылган арыздардан улам башталган. Маалыматта аскерлер тарабынан жашы жете элек 25 кыздын жабыркаганы айтылат. 

Марттын аягында Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши БУУнун тынчтык орнотуучулары жана чет элдик аскерлер тарабынан жасалган зордуктоолору боюнча атайын резолюция кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0