Вьетнам: селдин айынан 13 адам каза болуп, 100 миң турак-жай жабыркады

© REUTERS / ANINDITO MUKHERJEEСуу ташкын. Архив
Суу ташкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү башталган селден Биньдинь провинциясында 6, Куангнгай провинциясында 4 адам набыт болгон.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Вьетнамдын борбордук провинциясында тынбай жааган тропикалык жаандан улам пайда болгон сел 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Меры защиты от селей в селе Шайдан - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде селден коргонуу үчүн бийиктиги 9 метрлик тосмолор курулду
Анда бейшемби күнү башталган селден Биньдинь провинциясында 6, Куангнгай провинциясында 4 адам набыт болгон. Өкмөт бул провинцияларда жайгашкан 100 миң турак-жай суу астында калганы айтылат.

Ошол эле Куангнгай провинциясында төрттөн 13 жашка чейинки үч жаш бала дайынсыз жоголгон.

Мындай табигий кырсыктан өлкө көп зыян тартууда. Ноябрь айынын башында кырсыктан 15 адам каза таап, алтоо дайынсыз экени маалымдалган болчу. Анда миңдеген адамдар эвакуацияланып, 40 миң турак жай жана 12 гектар айдоо аянты суу астында калган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0