Окумуштуулар: былтыр рактан дүйнө боюнча 8,7 млн. адам көз жумган

© Sputnik / Жоомарт УраимовХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө учурунда дүйнөдө соңку он жылда рак менен ооругандардын саны 33 пайызга өскөнү аныкталган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Дүйнөдө ар бир үчүнчү эркек жана төртүнчү аял рак менен ооруйт. Былтыр 17,5 миллиондон ашуун адам рак илдетине чалдыкса, 8,7 миллион адам оорунун айынан көз жумган. Бул тууралуу РИА Новости JAMA Oncology журналына шилтеме берип жазып чыкты. 

"Рак бүгүнкү күндө адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири болууда. Россияда болжол менен 3 миллион адам рак менен жабыркайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы боюнча соңку 10 жылда рак илдетине кабылгандардын саны 18 пайызга өскөн. Ал эми жылына болжол менен 500 миң адам ракка чалдыгат", — деп жазылат маалыматта.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
ВИЧ менен жабыркаган келин: экинчи наристемди күтүп жатам
Сиэтлдеги Вашингтон университетинин окумуштуусу Кристина Фицморис рак оорусу боюнча изилдөө жүргүзүп, дүйнөдө соңку 10 жылда рак менен ооругандардын саны 33 пайызга өскөнүн аныктаган.

Фицмористин иликтөөсүнө ылайык, жылына 1,6 миллион эркек ракка чалдыгып, алар көбүнчө жыныс бездеринен, өпкөсүнөн жана тамагынан ооруй турганы айтылат.

Ал эми аялдардын көпчүлүгү көкүрөк рагынан көз жумат. Ракка кабылгандарынын саны жыл сайын 2,4 миллион болууда. Ошондой эле бул илдеттин курмандыгы болгон жаш балдар, лейкоз, неоплазия, баш сөөктөгү шишиктер жана мээ рагы менен ооруйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0