АКШда эс алуу кечесинде белгисиз киши ок чыгарып, алты адам жабыркады

© AFP / MANDEL NGANАКШнын полиция кызматкерлери. Архив
АКШнын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында жаракат алгандардын ден соолугуна өтө чоң коркунуч жаралган жок.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Лос-Анджелесте өтүп жаткан эс алуу кечесинде белгисиз бирөө ок чыгарып, алты адам жабыкады. Бул тууралуу РИА Новости CBS News телканалына таянуу менен кабарлады.

Каргашалуу окуя шаардын түштүк бөлүгүндө болгон.

"Эл алуу кечеси уюштурулуп жаткан мекеменин босогосунда уруш чыгып, белгисиз адам куралдан ок чыгарган. Жыйынтыгында ок жеген алты адам ооруканага жаткырылды. Учурда полиция ок чыгарган адамды издөөдө", — деп жазылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында жаракат алгандардын ден соолугуна өтө чоң коркунуч жаралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0