Японияда куш тумоосуна чалдыккан 500 миңден ашык тоок жок кылынды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүТоок фабрикасы. Архив
Тоок фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Дзеэцу шаарында жана Сэкикава кыштагында куш тумоосу тарагандыгы маалым болгон. Кийинчерээк өрдөктөр да аталган илдетти жуктургандыгы аныкталган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Японияда куш тумоосуна чалдыккан 500 миңден ашык тоок жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости Киодо басылмасына шилтеме кылып билдирди.

Зика куртун жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Зика оорусу Мьянмада катталды
Өткөн аптада Дзеэцу шаарында жана Сэкикава кыштагында куш тумоосу тарагандыгы маалым болгон. Кийинчерээк өрдөктөр да аталган илдетти жуктургандыгы аныкталып, жалпысынан 560 миң канаттуу жок кылынды.

Учурда инфекциянын алдын алуу иштери жүрүүдө. Куш тумоосу Японияда 2015-жылдын январь айынан бери биринчи жолу ири масштабда катталып жатат. Буга чейин куш тумоосу тууралуу билдирүүлөр Түштүк Корея, Дания, Швеция, Гермнаия, Финляндия жана Польшадан чыккандыгы тууралуу маалымдалган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0