Криштиану Роналду 150 млн. евро салыктан баш тартты деп шектелүүдө

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Португалия - Австрия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу салыкты Виргин аралдарында жана Швейцарияда жайгашкан оффшордун жардамы менен жаап-жашырып келген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Португалия курама командасы менен Мадриддин "Реал" командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 150 миллион евро өлчөмүндө салык төлөөдөн баш тартты деп шектелип жатат. Бул тууралуу Spiegel басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Нападающий клуба Реал Мадрид Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Роналду өзүнүн гей экенин айтты
Маалыматка ылайык, атагы дүйнөгө чыккан футболчу салыкты Виргин аралдарында жана Швейцарияда жайгашкан оффшордун жардамы менен жаап-жашырып келген.

Эскерте кетсек, Spiegel басылмасынын журналисттери Footbal Leaks желегинин алдына бириккен европалык ЖМК коомчулугунун мүчөлөрү болуп саналышат. Алардын башкы максаты — учурдагы футбол жаатында мыйзамсыз финансылык аракеттерди ашкерелөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0