Япония 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк роботтор саммитин өткөрөт

© AP Photo / Koji SasaharaРобот HRP-4C
Робот HRP-4C - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саммитте роботтор товарларды өндүрүү тармагында, үй жыйноо, ажаткана тазалоо, текчелерге кийимдерди бүктөп коюу сыяктуу жумуштарды жасай алаарын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Биринчи Бүткүл дүйнөлүк роботтор саммити 2020-жылы Япониянын Айти жана Фукусима облустарында өткөрүлөт. Бул тууралуу Япониянын экономика министри Хиросигэ Сэко билдирди деп жазат РИА Новости

"Бүткүл дүйнөлүк роботтор саммити" иш-чарасында ар кайсы өлкөлөрдө жасалган роботтордун мелдеши өтөт. Саммитте роботтор өндүрүш, тейлөө тармактарында өз жөндөмүн жана жаратылыш кырсыктары учурунда адамдарга жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшү керек.

"Биз келечекте коомчулукта роботтор кандай иштей турганын жана алар адамдардын жашоосуна канчалык деңгээлде пайда алып келерин байкап көрөлү деп жатабыз", — деди Сэко.

Роботко кол сунуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда балдарды окутат деп түзүлгөн робот кишиге кол салды
Иш-чарага катышууга ар кайсы өлкөлөрдүн университеттери, илимий институттар жана ишканалар чакырылган. Алар тараптан жасалган роботтор товарларды өндүрүү тармагында, үй жыйноо, ажаткана тазалоо, текчелерге кийимдерди бүктөп коюу сыяктуу жумуштарды жасай аларын көрсөтүшү керек.

Ал эми жаратылыш кырсыктарында, мунай иштетүүчү заводдордо же тоннелде кырсык катталган учурда роботтор адамдарды куткарышы керек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0