Чеченстанда спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөр жабылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСпирт ичимдик дүкөнү. Архив
Спирт ичимдик дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин спикеринин айтымында, өлкөдө спирт ичимдигин саткан 20 дүкөн болсо алардын бардыгы ишин токтотту.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чеченстанда спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөрдүн баары жабылды деп жазат РИА Новости.

"Жакында эле "Кавказ" жолунда катталган жол кырсыгынан кийин спирт ичимдиктерин саткан ишкерлер өз каалоолору менен дүкөндөрүн жапты", — деди жол кырсыгы боюнча ыкчам иликтөө бөлүмүнүн башчысы Магомед Даудов.

Парламенттин спикеринин айтымында, өлкөдө спирт ичимдигин саткан 20 дүкөн болсо алардын баары өз ишин токтоткон.

"Эми бизде бир дагы дүкөн спирт ичимдигин сатпай турган болду", — деди Даудов.

Ноябрь айынын аягында Кадыров Instagram баракчасына Ford үлгүсүндөгү унаанын мас абалындагы айдоочусу "Кавказ" жолунун карама-каршы келе жаткан сызыгына чыгып кетип Lada Priora унаасын сүзүп кеткендиги тууралуу жазган. Кырсыктан жети адам каза болуп, анын экөө жашы жете элек балдар эле. Эки адам оор жаракат алып, бейтапканага жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0