Венесуэла: инфляциянын айынан акчаны таразага тартып жатышат

© REUTERS / CARLOS GARCIA RAWLINSПачки денег в полиэтиленовом пакете в одном из магазинов продуктов питания в Венесуэле
Пачки денег в полиэтиленовом пакете в одном из магазинов продуктов питания в Венесуэле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венесуэланын эң чоң ири купюрасы болгон 100 боливарды 5 АКШ центине алмаштырууга болот.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Инфляциянын чеги 720 пайызга жеткени калган Венесуэладагы сатуучулар акчаны таразага тартып алуу жолуна өтүштү. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазып чыкты.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрда Кыргызстандын валюта кору 35 млн долларга кыскарган
Андагы маалыматка караганда, өлкө жашоочулары соода кылуу үчүн дүкөндөргө акча толгон баштыктар менен барышууда. Буга байланыштуу капчыктар колдонуудан чыгып калган. 

Венесуэланын эң ири купюрасы болгон 100 боливарды 5 АКШ центине алмаштырууга болот. Жергиликтүү тургундардын айтымында 100 боливарга бир жумуртка келет. 

Ал эми дүкөндөрдүн бириндеги сатуучу азык-түлүк менен акчаны тартуу үчүн бир эле таразаны колдонуп жатканын билдирген. Буга байланыштуу акчанын граммы сырдын граммынан төмөн туруп калган. Эң популярдуу тамекинин бир кутучасы эки миң боливардан сатылып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0