10:35 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Түркиянын түштүгүндө Адана облусунун Аладаг районундагы өрт чыккан жатакана

Түркияда жатакана өрттөнүп, 11 окуучу жана бир мугалим каза болду

© AFP / DOGAN NEWS AGENCY
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
172 0 0

Өрттөнгөн үч кабаттуу жатаканадан 24 бала жаракат алып сыртка алынып чыгарылган.

БИШКЕК, 30-ноя.— Sputnik. Түркиянын түштүгүндө Адана облусунун Аладаг районунда жеке менчик жатакана өрттөнүп 12 адам каза болду. РИА Новости Sabah гезитине шилтеме кылып билдирди.

Адана облусунун губернатору Махмут Демирташтын маалыматына ылайык, кырсыктан 11 окуучу кыз жана бир мугалим каза болгон. 

Маалыматтарда жатаканада жалпы билим берүү мектептерде окуган ортонку класстардын, 10-14 жаштагы окуучу кыздары жашап келген. 

Өрттөнгөн үч кабаттуу жатаканадан 24 бала жаракат алып сыртка чыгарылган. 

Ал эми Түркиянын вице-премьери Вейси Кайнак божомолдор боюнча өрт электр зымдарынын иштебей калышынан улам келип чыккан деп маалымдады.

Тема боюнча

Кара-Көл шаарында турак үй өрттөнүп абышка-кемпирдин күйгөн денеси табылды
"Ала-Тоо" аквапаркындагы өрттүн себептери белгилүү болду
Белгилер:
жатакана, кырсык, Өрт, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ