ИМ террордук уюмуна берилген америкалык жигит АКШда теракт жасоону пландаган

© AFP / AHMAD AL-RUBAYE"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкери. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын июнь айында Салливан "Ислам мамлекети" террордук уюмунун көрүнүктүү мүчөсү, Батыш өлкөлөрүнө теракт уюштурууну пландаган Жунейд Хуссейн менен байланыша баштаган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түндүк Каролина штатынын тургуну "Ислам мамлекети" террордук уюмунун атынан миңдеген америкалыктарды атып өлтүрүүнү пландаган. Бул тууралуу АКШнын юстиция министрлигине таянып РИА Новости жазып чыкты.

Шейшемби күнү теракт жасоого шектүү делип 20 жаштагы америкалык Жастин Салливан кармалган. Ал мындан эки жыл мурда эле "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мыкаачылык менен өлүм жазасына тарткан роликтерин интернеттен көрүп өзүнө көчүрө баштаган. Америкалык жаш жигит террорчулардын идеясына катуу берилип кеткендиктен ата-энесинин "динге байланыштуу буюмдарын" жок кылып, "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдой турганын ачык айткан.

АКШнын Вашингтондогу Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак үй өкүлү коомчулукту мусулмандардан артыкча шек санай бербөөгө чакырды
2015-жылдын июнь айында Салливан "Ислам мамлекети" уюмунун көрүнүктүү мүчөсү, Батыш өлкөлөрүнө теракт уюштурууну пландаган Жунейд Хуссейн менен байланыша баштайт. Америкалык жаш жигит Түндүк Каролинада жана Виргинияда "массалык атып өлтүрүү" жасоо планын полиция билип калган. 

Американын күч түзүмдөрү теракт жасоого даярданып жаткан жигит менен жашыруун түрдө байланышып, анын пландарын билген. Салливан аларга терактты концерттик залдарда же башка эл көп жайгашкан жерде жасагысы келгенин, миңден ашык адамды атып өлтүрүп, аны видеого тартып куратору Жунейд Хуссейнге жиберүүнү пландап жатканынын айткан.

Жыйынтыгында Салливан кармалып теракт жасоого даярданып жатканы далилденди. Мындан сырткары ал бир адамды өлтүрдү деп шектелүүдө, бирок күнөөсүн мойнуна алган жок.

АКШнын мыйзамына ылайык, калган жашоосун эми ал түрмөдө өткөрүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0