10:36 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
АКШнын Вашингтондогу Ак үйү. Архив

Ак үй өкүлү коомчулукту мусулмандардан артыкча шек санай бербөөгө чакырды

© Sputnik / Игорь Михалев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
5710

Буга чейин "Ислам мамлекети" террордук уюму Огайо штатындагы университетке болгон кол салууну өз мойнуна алган. Анткен менен маалыматтын чын-төгүнү азырынча бүдөмүк жаратып турат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. АКШнын президентинин маалымат катчысы Жош Эрнест брифинг учурунда адам мусулман болгону үчүн эле аны террордук иш-аракеттерге айыптап, шек санай берүү туура эмес экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

"Эгер мусулман динин туткан жарандардан шек санай бере турган болсок, коомчулукта кол салуунун саны арбып кетиши ыктымал", — деп билдирди Эрнест. 

Буга чейин "Ислам мамлекети" террордук уюму Огайо штатындагы университетке болгон кол салууну өз мойнуна алган. Анткен менен маалыматтын чын-төгүнү азырынча бүдөмүк жаратып турат. 

Дүйшөмбү күнү эртең менен Коламбуста 20 жаштагы Абдул Разак Али Артан унааны жөө жүргүнчүлөрдү көздөй айдап кайра унаадан чыгып алып колундагы бычагы менен көрүнгөн адамга кол сала баштаган. Акыркы маалыматтар боюнча 11 адам жабыркаган. Кол салган жаран ошол жердеги окуу жайдын студенти болгон. Полиция бул алдын ала даярдалган терракт деген пикирди карманууда.

Тема боюнча

АКШ Европада теракт болушу мүмкүндүгүн айтты
Түркияда болгон жарылуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
Мамлекеттик саясат, этика боюнча семинардан өткөн имамдар сертификат алышты
Белгилер:
мусулман, терракт, Ак үй, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ