12:02 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Филиппиндердин президентти Родриго Дутертенин архивдик сүрөтү

Филиппиндердин президентинин жан сакчылары жардыруудан жаракат алды

© AP Photo / Bullit Marquez
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
26610

Кол салууну жергиликтүү "Мауте" аталышындагы террордук тобу уюштурган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Филиппиндердин президентти Родриго Дутертенин жан сакчыларына кол салуу болуп, жардыруу жасалды. Окуя ал өлкөнүн түштүгүнө иш сапары менен бараар алдында Марави шаарында болгон. Бул жөнүндө РИА Новости Франс Пресске шилтеме жасап маалымдайт. 

Кол салуу Дутерте келе турган аймакта болгон. Ал жакта алдын ала барып текшерип жүргөн жети жан сакчысы менен эки жоокер жаракат алган. Анда атайын орнотулган жарылуучу жабдуу иштеп кеткен. Бирок мындай окуяга карабай Дутерте бул иш сапарын токтотпой тургандыгын Филиппиндердин түндүк аскер лагеринде сүйлөп жатып билдирди. 

Окуядан кийин Филиппиндин Куралдуу күчтөрүрүнүн өкүлү Реституто Падилла бул аракеттерди жергиликтүү "Мауте" аталышындагы террордук тобу уюштурган деп айыптап чыкты. Анткени аталган топ өлкөнүн түштүгүндөгү Минданао аралын байырлап келет. 

Тема боюнча

Филиппин президенти Дутерте Трамп экөө сөгүнчөөктүк жагынан окшош экенин айтты
Белгилер:
президент, кол салуу, Филиппиндер

ЭҢ МААНИЛҮҮ