15:40 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү

Рамзан Кадыров: мени туураган Галустяндын пародиясын чогуу даярдаганбыз

© Sputnik / Саид Царнаев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1513 0 0

КВНдин Кремлдеги мааракелик кечесине Россия президенти Владимир Путин да катышты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров аны туураган Галустяндын пародиясын бирге даярдашканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Россиянын шайырлар жана тапкычтар Клубунун 55 жылдык мааракелик кечесинде актер жана шоумен Михаил Галустян Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун образын жаратып, пародия көрсөттү. Мааракеде Кадыровду туураган Галустян КВНдин көп жылдан берки алып баруучусу жана уюштуруучусу Александр Масляковду куттуктап, каалоо-тилектерин билдирген. Эске салсак, Александр Масляков ноябрь айында 75 жашка толду.

КВНдин Кремлдеги мааракелик кечесине Россия президенти Владимир Путин да катышкан.

Кадыров Instagram баракчасына өзү тууралуу пародияны жакшы кабыл алганын билдирип, мааракелик кечеге ал да чакырылганын жазган.

 

 

"Өзүм деле куттуктап барайын деп ойлоп жаткам, бирок жумуштар чыгып калды. Барбай калсам да, мен баргандай болсун деп бир жолун ойлоп таптык", — деп жазган Кадыров.

Анын айтымында, пародиянын үстүндө Галустян экөө бирге иштешкен.

"Менин образымдын бир-эки кыймылын үйрөнүп, акцент кошуп койгондо эле баары сонун болуп калды. Бул жагынан Галустян мыкты экен", — деди Чеченстандын башчысы.

Кадыров Галустяндын пародиясы кыска бирок маанилүү болгонун баса белгилеген.

"Масляков шымына колун сүртүп жаткан Галустянды көргөнгө чейин сахнадан Рамзанды издеп жатты. Силер бул учурду кандай кабыл алдыңар билбейм, бирок мен абдан күлдүм", —деди Кадыров.

Мындан сырткары Кадыров, Галустяндын 8-ноябрда өткөн АКШнын президенттик шайлоосуна туура баа бергенин кошумчалап, КВН катышуучуларына "автоунаа, акча" каалап өттү.

Тема боюнча

"Лейла" ырынын автору Jah Khalib Бишкекте MC_doncha менен бирге ырдады
Белгилер:
пародия, КВН, Михаил Галустян, Рамзан Кадыров

ЭҢ МААНИЛҮҮ