Япония: куш тумоосуна байланыштуу миңдеген тоок, өрдөктөрдү кыруу башталды

© REUTERS / KYODOКуш тумоосунун кеңири жайылганынан улам, Ниигата жана Аомор аймактарында чарбадагы куштарды кыруу
Куш тумоосунун кеңири жайылганынан улам, Ниигата жана Аомор аймактарында чарбадагы куштарды кыруу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Ниигата аймагында жалпы эсеп менен 500 миң, Аомориде 400 миң куш бар экени айтылат.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Куш тумоосунун кеңири жайылганынан улам, Ниигата жана Аомор аймактарында чарбадагы куштарды кырууга берилгенин РИА Новости агенттиги маалымды.

Зика куртун жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Зика оорусу Мьянмада катталды
Ниигата аймагындагы Сэкигава айылында 310 миң тоок, ал эми Аомориде 16,5 миң тоок жана өрдөктөр кырууга берилмекчи. Анализдердин жыйынтыгында өлгөн куштарда H5 түрүндөгү куш тумоосу бар экенин аныкталган.

Коопсуздукту сактоо максатында куштарды жана алардын жумурткаларын үч чакырым аралыктан алыс жерге чыгарууга тыюу салынган. Маалыматта Ниигата аймагында жалпы эсеп менен 500 миң, Аомориде 400 миң куш бар экени айтылат.

Буга чейин H5N8 түрүндөгу куш тумоосунун Дания, Швеция, Финляндия, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерде жайылганы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0