Антарктиданын батышында 582 чарчы чакырым аянтты ээлеген айсберг пайда болду

© NASA / Nathan KurtzАнтарктиданын батышындагы муздар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ичинен сынып, өзүнчө айсбергдер пайда боло баштаган
Антарктиданын батышындагы муздар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ичинен сынып, өзүнчө айсбергдер пайда боло баштаган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар мындай маалыматты спутниктен алынган сүрөттөргө жана ал аймакта өткөрүлгөн экспедициялык изилдөөлөргө таянып кабарлашкан.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Антарктиданын батышындагы муздар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ичинен сынып, өзүнчө айсбергдер пайда боло баштаганы тууралуу РИА Новости Огайо университетинин окумуштууларына шилтеме кылып билдирди. 

Окумуштуулар мындай маалыматты спутниктен алынган сүрөттөргө жана ал аймакта өткөрүлгөн экспедициялык изилдөөлөргө таянып кабарлашкан. 

"Антарктиданын батышындагы муздарда жарака кетип, 582 чарчы чакырым аянтты ээлеген айсберг пайда болду. Мындай көрүнүштөр күчөп барат", — деп жазылат маалыматта.

Окумуштуулардын баамында бул көрүнүштөр климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болууда. Мындай кубулуш 2013-2014-жылдары эле байкала баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0