"Реалдын" оюнчулары таштандыдан тигилген футболка кийип чыгышты

© REUTERS / Susana VeraЧемпионат Испании по футболу
Чемпионат Испании по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Реал" футбол командасынын оюнчулары "Спортинг" командасы менен беттешти. Оюн мадриддиктердин жеңиши менен аяктады.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. "Реал Мадриддин" футболчулары Испаниянын чемпионатында кайта иштетилген таштандыдан тигилген футболка кийип чыкканы клубдун расмий сайтында маалымдалды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары атамекендик компаниялардын жүзү боло баштады
Алар жекшемби күнү "Сантьягу Бернабеу" стадионунда "Спортинг" клубу менен ойногон. Оюн 2:1 эсебинде мадриддиктердин пайдасына аяктаган.

Футболкалар океандан чогултулуп, кайра иштетилген таштандыдан тигилген. "Реалдын" өнөктөшү Adidas фирмасы мындай кадамын айлана-чөйрөнү коргоого багытталган демилге экенин билдирди.

Бир футболканы тигүү үчүн Мальдив аралдарынан чогултулган 28 бөтөлкө керектелген.

Буга чейин немистердин "Бавария" клубу дагы бул акцияны колдоп, кайра иштетилген таштандыдан тигилген кийимдерди кийип чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0