Археологдор Египеттен байыркы шаардын калдыктарын табышты

© Фото / Steve F-E-CameronПоминальный храм Сети I в древнем городе Абидос, Египет
Поминальный храм Сети I в древнем городе Абидос, Египет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын болжоосунда аталган калаа байыркы Египеттеги эң биринчи борбор — Абидос болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Археологдор Египеттен байыркы шаардын калдыктарын табышты. Бул тууралуу РИА Новости Франсс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, аталган шаар биздин заманга чейин 5316-жылы курулган.

"Байыркы шаардан табылган мүрзөлөрдүн ичи кенендиги анда тектүү адамдар коюлгандыгынан кабар берет. Анткени байыркы Египетте колунда барлардын мүрзөзү башкача казылган", — деп жазылат маалыматта. 

Окумуштуулардын божомолунда аталган калаа байыркы Египеттеги эң биринчи борбор — Абидос болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0