Австралия сириялыктарга дагы 160 млн. доллар бөлүүнү пландап жатат

© AFP / CSABA SEGESVARIСкандал с журналисткой и беженцами: уволена за подножку мигранту
Скандал с журналисткой и беженцами: уволена за подножку мигранту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Австралиянын бийлиги кризистен жабыркаган сириялыктар үчүн 2011-жылдан бери 213 миллион доллар которгон.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Австралиянын премьер-министри Малкольм Тернбулл сириялыктарга гуманитардык жардам катары дагы 220 миллион Австралия долларын бөлүүнү пландап жатканын билдирди. Аталган сумма АКШнын доллары менен алганда 160 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Ассошиэйтид Пресс агенттигине шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядан Cирия менен Иракка 3,2 миңден ашуун адам чыгып кеткен
Аталган чечим Иорданиянын падышасы Абдулла II Австралияга барган иш сапарында белгилүү болгон. Падышанын айтымында, ушул убакытка чейин Иорданияга 2,5 миллион сириялык качкын барган. Учурда Иорданиянын ар бир бешинчи тургуну Сириядан келгендер.

Агенттик белгилегендей, Австралиянын бийлиги кризистен жабыркаган сириялыктар үчүн 2011-жылдан бери 213 миллион доллар которгон.

Сирияда куралдуу согуш 2011-жылдын март айынан бери уланууда. Өкмөттүк аскерлерге каршы ар түрдүү куралдуу түзүмдөрдүн согушкерлери туруп жатат. Россия Сириянын президенти Башар Асаддын өтүнүчү менен 2015-жылдын 30-сентябрынан бери аскердик жардам берип, Сириядагы террористтердин аймактарына авиа соккуларды баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0