Россия аракты ууртап-таткан жана шыңгыткан аймактарын аныктады

© AFP / BEN STANSALLСтаканга арак куюп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Стаканга арак куюп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң көп ичет деген аймактардын ана башында Магадан облусу турат. Ага куйрук улай Автономиялык Чукотка облусу менен Коми республикасы келе жатыптыр.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиядагы атайын долбоор менен иш алып барган тараптар өлкөдө аракты колдонгон жана ууртап-таткан аймактардын рейтингин түздү. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Документ "Россиянын субъектилеринин 2016-жылдагы ичимдик ичпеши боюнча улуттук рейтинги" деп аталат. 

Иликтөөлөргө карай келгенде, "азыраак ичкен" аймактарга — Чечестан, Ингушетия жана Дагестан кирет экен. Андан сырткары, мыкты ондуктун катарында аталган республикалардан сырткары Ростов облусу кирген.

Национальная грузинская игра Лело Бурти - Sputnik Кыргызстан
Украинада жасалма арактан 63 адам ууланып каза тапты
Ал эми эң көп ичет деген аймактардын ана башында Магадан облусу турат. Ага куйрук улай Автономиялык Чукотка облусу менен Коми республикасы келе жатыптыр. 

Россиядагы коомдук палатанын эксперттик-аналитикалык борборунун жетекчиси Кирилл Акимов рейтингди түзүүдө алкоголдук ичимдиктердин 10 түрүнүн сатылышы боюнча анализ жасалгандыгын айтты. Баалоонун дагы бир критерийи аймактардагы арак жана этил спирттери менен мыйзамсыз шугулданып кармалган кылмыштардын саны болгон. 

Соо жашоо жана аракечтик боюнча рейтинг мунусун кошкондо экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Мурдагы изилдөөдө адистер арак менен сыраны гана эсепке алса, бул сапар арактан сырткары, курамына 25 пайызга чейин спирти бар ичимдиктер, коньяк, шарап жана сыра кирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0