Окумуштуулар: таза абада көп сейилдеген адам инфаркттан оолак болот

Жазылуу
Америкалык окумуштуулар сейилдөө жүрөктүн жана кан тамырлардын жакшы иштешине таасир берип, ооруларды алдын аларын айтып чыгышты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар көп жана үзгүлтүксүз сейилдөө жүрөк жана кан тамырлардын иштешин жакшыртып, адамды инфаркттан жана башка жүрөк ооруларынан сактай тургандыгын айтып чыгышты.

Жизнь пожилых людей в КР - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор улгайганда инфаркттан аман калуунун сырын ачты
Бул тууралуу Creative Nursing журналындагы макалага шилтеме жасап РИА Новости билдирди. 

Бингхэмтон университетинен Памела Фас жана анын кесиптештери 70тей жаш жана улгайган аялдардын арасында байкоо жүргүзүшкөн. Алар Нью-Йоркто жашаган жана сергек жашоо образына, сейилдөөгө үгүттөгөн ар түрдүү ыктыярдуу программаларга катышкан адамдар эле.

Анализ көрсөткөндөй аялдар канчалык көп басып, сейилдеген сайын алардын канында холестериндин деңгээли жана кан басымы төмөн болгон. Кардиограммасы жана башка анализдери да өзгөрүп турган. Мунун баары жүрөктүн жана кан тамырлардын иштешин жакшыртканын көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0