Японияда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болду

© REUTERS / TORU HANAIДиректор Японского метеорологического агентства Кодзи Накамура указывает на карту с указанием информации о землетрясениях во время пресс-конференции в Токио
Директор Японского метеорологического агентства Кодзи Накамура указывает на карту с указанием информации о землетрясениях во время пресс-конференции в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер океан жээгиндеги толкун үч метрге жетиши мүмкүн деген маалыматты айткан.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Японияда магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө болуп, андан төрт саат өткөндөн кийин жээктерде бийиктиги 1,4 метрге чукулдаган толкундар жаралган. Ал эми Япониянын жаралуу жери Фукусима АЭСинде бир метрге жеткен. Бул туурасында РИА Новости NHK телеканалына шилтеме кылып билдирди.

Телеканалдын берген маалыматына караганда Тынч океандын жээктеринде жүргөндөргө кылдат болуу боюнча эскертүүлөр берилип, адистер толкун үч метрге жетиши мүмкүн деген маалыматты айткан. 

Землетрясение в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Жаңы Зеландия: магнитудасы 7,9га жеткен зилзаладан эки адам каза тапты
Жашоочулардан келтирилген зыяндар туурасында маалыматтар түшкөн эмес. Жердин силкинүүсү таңга маал Токио шаарында да байкалган.

Жаратылыш кырсыгынан улам бир катар суу деңгээлинен көтөрүлгөн префектуралардын жашоочулары эвакуация боюнча эскертүү алган. 

NHK телеканалы смартфонго тартылып алынган сейсмикалык толкундун сууну каптап, түрүлүп келе жаткан видеосун көрсөттү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0