Россиядан Cирия менен Иракка 3,2 миңден ашуун адам чыгып кеткен

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары, Сирия. Архив
Алеппо шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын айтымында, россиялык тарапка "кооптуулукту Ирак менен Сириядан" террордук даярдыктан өтүп келгендер жаратып жатат.

БИШКЕК, 22-ноя — Sputnik. Россиядан Cирия менен Иракка террорчулардын катарына кошулуп согушуу үчүн 3,2 миңден ашуун адам чыгып кеткен. Бул туурасында РИА Новости Россиянын ТИМдин жаңы кооптуулуктар менен күрөшүү департаментинин директору Илья Рогачевге таянып билдирди.

Анын айтымында, Россияга "кооптуулукту Ирак менен Сириядан" террордук даярдыктан өтүп келгендер жаратып жатат. 

"Тартип коргоо органдары менен атайын кызматтын маалыматтарына караганда, Россиянын 3,2 миңден ашуун жарандары аталган аймакка чыгып кеткен. Алардын арасынан эл аралык террордук уюмдар менен байланышын чыңдап, Россияга келип, Түндүк Кавказ аймагындагы бандиттик топторго кирип кетип жаткандар бар", — деди Рогачев. 

Колония для пожизненно осужденных в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Издейм сени! Террорчулардын бутасына алынган кыргызстандыктардын 7 түрү
Ал Россия "Ислам мамлекети" террордук уюмунун эмиссарлары тарабынан маалымат айдыңында жүрүп жаткан идеологиялык иштерине тынчсызданып жаткандыгын айтты. 

"Алар тапкычтык менен кишини өзүнө тартып иштей алышат. Нааразы болгон кишилердин муңун угууга аракет кылышат. Интернет менен социалдык тармак тероорчулардын башкаларды азгыра тураган кадимки эле каналы болуп бара жатат. Согушкерлер баарынан мурда алдын-артын анча аңдап биле албаган жаштарды өзүнө тартып кетүүдө. Бул акырындап отуруп бир жарыла турган мина", — деди Рогачев.

Дипломат Сирия, Ирактан кайткандар жыйрап келген азгыруучулук тажрыйбасы менен жашыруун иштеген топторду түзүп, кишилерди террордук актыларды жасоого даярдап жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0