Эрдоган: Түркия ШКУга кирүү маселесин талкуулап жатат

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүСаммит НАТО в Варшаве
Саммит НАТО в Варшаве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган ШКУга мүчө болуу маселесин Россия жана Казакстандын президенттери менен талкуулагандыгын айткан.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Евробиримдикке кирүү Түркиянын карап отурган бирден бир эле маселеси эмес, Анкара Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташуу жагдайын карап жатат. Бул туурасында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Өзбекстанга жасаган иш сапарынан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге айткандыгын РИА Новости жазды.  

"Brexit (Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгып кетиши) процессинин тарап кетиши мүмкүн, мындай маанайдагы добуштар Франция, Италиядан угулуп жатат. Бул шарттарда Түркия өзүн тынч эле сезсе болот. Түркиянын ШКУга (Шанхай кызматташтык уюму) мүчөлүккө өтүүсүнө эмнеге болбосун", — деп айтты Эрдоган учакта келе жатып журналисттерге. 

Ал аталган маселени Россия жана Казакстандын президенттери менен талкуулагандыгын кошумчалады. Анын пикиринде, ШКУга мүчөлүк Түркиянын иш алып барышына бир топ эркиндиктерди берет. 

Эрдоган Россия менен болгон мамиле жаатындагы суроого "жаман эмес" деген жообун айтып, "бардыгы дароо эле сыдыргыга салгандай болуп башталбай тургандыгын" кошумчалагандыгын Sabah гезити жазган. 

Ал жакынкы арада боло турган иш сапарлары туурасында маалымат берген. 5-6-декабрда Түркиянын өкмөт башчысы Россияга сапар менен барарын, 2017-жылдын I кварталында орус-түрк кызматташуу кеңешинин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтөөрүн кабарлады. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Европа биримдигин убадага турбаганы үчүн сынга алды
Түркия менен Европа биримдигинин ортосунда кызматташуу келишими 1963-жылы түзүлгөн. Ал эми мүчөлүккө алуу боюнча арызды расмий Анкара 1987-жылы берген. Бирок мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы гана башталган. Ошондон бери тараптар Түркия мүчөлүккө кабыл алынуусу үчүн аткарылышы зарыл болгон 35 техникалык пункттун 16сы гана макулдашылган. 

2016-жылдын жазында Евробиримдиктин лидерлери Анкаранын Европага келген мигранттардын азайышына көмөктөшүүсүн талкуулаган. Мындан кийин гана алар мүчөлүк боюнча сүйлөшүүнү жандандырууга макул болгон. 

Анткен менен ноябрдын башында Евробиримдик даярдаган докладында Түркияда адам укуктарынын, сөз эркиндигинин жана мыйзамдардын сакталышы боюнча олуттуу көйгөйлөр бар экендигин белгилеген. Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Түркия оппозициядагы журналисттер менен саясатчыларды кармап, камагандыгы үчүн экономикалык санкцияга кабылышы мүмкүндүгүн айтты. 

Анкара мындай билдирүүлөргө жооп катары аталган биримдик менен диалогду улантуу маселесин референдумга алып чыгарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0