Мишель Обаманын модельери Мелания Трампка кийим тигүүдөн баш тартты

© REUTERS / CARLO ALLEGRIАКШнын биринчи айымы Мелания Трамп
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дизайнер Софи Телленин айтымында, Трамптын шайлоо кампаниясында расизм, сексизм жана ксенофобия тууралуу көп айтылган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Мишель Обаманы кийиндирип жүргөн франциялык дизайнер Софи Телле жаңы биринчи айым Мелания Трамп менен иштешүүдөн баш тартты. Ал мындай аракетин каршылык көрсөтүү катары атаганын РИА Новости билдирди.

Телле башка дизейнерлерди да бул каршылык акциясын колдоого чакырган.

Франциялык дизейнер өзүнүн пикирин ачык катында жазды.

"Мен кийинки биринчи айым үчүн кийим даярдоодо же анын образын түзүү боюнча аракеттерге катышпайм. Анын күйөөсүнүн шайлоо кампаниясы учурунда айткандары биз жашаган турмуштун баалуулуктарына шайкеш келбейт. Мен кесиптештеримден да ушундай кадамдарга барууну суранам", — деп Twitter баракчасында жарыяланган катта айтылат.

Мелания Трамп 83-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. Лос-Анжелес - Sputnik Кыргызстан
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп. Камкор эне жана сүйкүмдүү жар
Телле дискриминацияга, басмырлоого каршы экенин баса белгилеген. Анын айтымында, Трамптын шайлоо кампаниясында расизм, сексизм жана ксенофобия тууралуу көп айтылган. Телле өзү АКШга мигрант катары келгенин жана Мишель Обама үчүн акыркы сегиз жылда кийим тигип берүү ал үчүн ыйык милдет болгонун айтат.

Эске салсак, 8-ноябрда АКШда болгон президенттик шайлоодо республикачы Дональд Трамп жеңишке жетип, атаандашы демократ Хиллари Клинтондон озуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0