Кытайда балдарды окутат деп түзүлгөн робот кишиге кол салды

© AFP / GERARD JULIENРоботко кол сунуп жаткан адам. Архив
Роботко кол сунуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сайт жарыялаган сүрөттөрдө роботтун бою өзү кол салган кишинин белинен бир аз эле өйдө экендиги көрүнүп турат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кытайдын Шэньчжэнь шаарында робот кол салган эркек киши ооруканага түштү. Бул туурасында РИА Новости youth.cn сайтына шилтеме кылып билдирди.

Окуя аталган шаарда өткөн көргөзмө учурунда болгон.

НАСА роботу. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАСА агенттиги Марс планетасын багынтчу роботторго сынак жарыялады
Маалыматтарда робот 4-12 жаштагы балдарды окутуу үчүн түзүлгөндүгү айтылат. Белгисиз себептерден улам роботтун иштеши начарлап, ал капыстан эле аны жасаган компаниянын айнек тактасын талкалап салган. 

Андан соң көргөзмөгө келип, тактанын жанынан өтүп бараткан кишиге кол салган. Ал бутунан жаракат алып, дароо ооруканага жеткирилген. 

Аталган сайт жарыялаган сүрөттөрдө роботтун бою өзү кол салган кишинин белинен бир аз эле өйдө экендиги көрүнүп турат. Ал "Жылдыздар согушу" фантастикалык сагасындагы R2-D2 каарманына окшоп кетет. Анын дисплейинен жини келгени, кубанганы, таңгалганы — бардык эмоциялары көрүнүп турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0