Франция аба айдыңын коргоо үчүн бүркүттөрдү сатып алды

Жазылуу
Жырткыч куштар учуучу аппаратка байланган эт менен азыктанып, машыгуудан өткөн.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Франциянын Абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы колбашчысынын орун басары, генерал Жан-Кристоф Зиммерман абада учкучсуз учуучу аппараттар менен күрөшүү үчүн бүркүттөр сатып алынганын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, бүркүттөр курал колдонуу үчүн кыйынчылык жараткан аймактарда учурулат. 

Генерал Австралиядан алынган бүркүттүн төрт жумурткасынан чыккан балапандар чоңоюп калганын билдирген. Ал ошондой эле жырткыч куштар асманда учкан дрон менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктарды берип жатканын кошумчалады. 

"Жаш бүркүттөр учкучсуз учкан аппараттарды бир нече чакырым алыстыктан байкап аны жок кыла алат. Куштар учуучу аппаратка байланган эт менен азыктанып, машыгуудан өткөн", — деди генерал Зиммерман. 

Буга чейин Нидерланддын полициясы абада калкыган аппараттар менен күрөшүүдө бүркүттөр жакшы жыйынтыктарды көрсөткөнүн маалымдаган. Бүркүттөр абаны 2017-жылдын жай айларынан тарта коргой баштай турганы белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0