Жер Ортолук деңизде кайык оодарылып, жети мигрант каза болду

© REUTERS / DARRIN ZAMMIT LUPIКемедеги качкындар. Архив
Кемедеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү телеканал учурда суудан жети кишинин сөөгү табылганын билдирди.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага сапар алган мигранттардын кемеси кыйроого учурап, жетөө өлүп, 100 киши белгисиз бойдон калууда. Бул туурасында РИА Новости "Чек арасыз дарыгерлер" гуманитардык уюмуна шилтеме кылып кабарлады. 

Аталган уюмдун берген маалыматына караганда, кайыкта 130 адам болсо, алардын 27син куткарууга үлгүрүшкөн. 

"Тирүү калгандар учурда Argos кайыгына жайгаштырылды. Бул — трагедия", — деп айтылат таратылган билдирүүдө. 

Сирийские дети сидят в лагере беженцев в Kilis районе Газиантеп, юго-востоке Турции - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: сириялык качкын балдар Түркиянын кийим фабрикаларында иштейт
RaiNews24 телеканалы жети кишинин сөөгү табылганын билдирди. 

Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан бери миграциялык жактан олуттуу кризисти башынан өткөрүп келет. Бул кырдаал биринчиден куралдуу жаңжалдар жана Африка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү курч экономикалык көйгөйлөрдөн келип чыккан. Миграция боюнча эл аралык уюмдун (IOM) маалыматына ылайык, 2016-жылдын башынан бери Европага деңиз аркылуу 328 миңден ашык качкын келген. Алардын ичинен 4 миңден ашыгы курман болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0