Кытай окумуштуулары ген терапиясын кишини дарылоодо алгачкы жолу колдонду

© Sputnik / Алекс Аминев / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айында окумуштуу Ю башында турган илимий топ өпкө рагынан оор формасын дарылоодо жаңы эксперименттерди жүргүзүү боюнча Кытай бийлигинен уруксат алган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кытайдын молекулардын биологдору адамдын өпкө рагын дарылоодо CRISP/Cas9 генин колдонуп, байтаптын иммундук клеткасын кайтадан программалаганын РИА Новости агенттиги Nature журналына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Биздин тажрыйбалар августта эле башталышы керек болчу, бирок клеткалардын модификациясы биз ойлогондон көп убакытты алды. Андан кийин Кытайда октябрь айындагы улуттук майрамдар башталып, ал дагы өз кедергисин тийгизди. Жалпысынан алганда биздин аракеттердин жыйынтыгы жакшы. Жакын арада биздин бейтап генетикалык жактан модиикацияланган иньекцияны алат", — деди Сычуань провинциясындагы госпиталдын өкүлү Лу Ю.

Июль айында Ю башында турган илимий топ өпкө рагынан оор формасын дарылоодо жаңы эксперименттерди жүргүзүү боюнча Кытай бийлигинен уруксат алган.

CRISP/Cas9 гени 2015-жылы америкалык окумуштуу Фэн Чжан тарабынан жасалып, 2015-жылы илим чөйрөсүндө эң мыкты ачылыш катары сыпатталган. Андан бери анын үстүнөн бир топ аракеттер жүргүзүлүп, баштапкы формасынан өзгөрүп, алдыга жылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0