Португалиянын курама командасы Mannequin Challenge флешмобуна кошулду

© REUTERS / STRINGERПортугалиянын курама командасынын оюнчусу Криштиану Роналду
Португалиянын курама командасынын оюнчусу Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын Флорида штатында окуган окуучу тарабынан башталган #MannequinChallenge флешмобунан Португалиянын курама командасы да четте калган жок.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Криштиану Роналду башында турган Португалиянын курама командасы Mannequin Challenge флешмобун колдошту. Флешмобдо "токтоп калган убакыт" чагылдырылат.

Видеоролик Португалия курама командасынын Twitter сайтындагы расмий баракчасына жайгаштырылган.

​Оюнчулар флешмобду кийим алмаштыруу жайынан тартышкан. Анда Криштиану Роналду бөлмөнүн ортосунда ич кийимчен турганы байкалат.

Mannequin Challenge флешмобу токтоп калган убакытты чагылдырууга болгон аракет. Флешмоб өткөн айдын аягында Флоридада (АКШ) окуган окуучу тарабынан башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0