АКШда төрт жашар кыз куралдан ок атып, өзүн жана энесин жарадар кылды

Жазылуу
Атасынын айтымында, кыз алгач өзүн бетке, андан соң энесин аткан.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Американын Индианаполис шаарында (Индиана штаты) төрт жаштагы кыз үйүнөн табылган курал менен өзүн жана энесин жарадар кылган. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип жазды.

Атасынын айтымында, кыз алгач өзүн бетке, андан соң энесинин желкесине аткан. Жарадар болгондор дароо ооруканага жеткирилген. Учурда курал эмне менен октолгону иликтенүүдө.

Маалым болгондой окуядан үйдөгү башка балдар жапа чеккен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0