Кытайдын DAMPE спутниги 1,6 млрд. жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдү тапты

© NASAПланеты солнечной системы
Планеты солнечной системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматы боюнча спутник 504 чакырым бийиктиктеги орбитада болуп саналат жана анын системалары жакшы иштеп жатат.

БИШКЕК, 12-ноя.- Sputnik. "Жэньминь жибао" гезитинин маалыматына ылайык Кытай спутниги DAMPE кара материяны изилдөө ишинде 1,6 миллиард жогорку энергиялуу бөлүкчөлөр табылган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ганьсу провинциясындагы Цзюцюань космодромунда өткөн жылдын 17-декабрында "Великий поход 2-D" аталышындагы жүк ташуучу ракетанын жардамы менен спутник учурулган.

Ай. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАСА агенттиги 2023-жылдан тартып Айга эл аралык база курганы жатат
Кийин ал 500 чакырымдай бийиктиктеги күндүн-синхрондуу орбитасына электр зарядын жана жогорку энергиялуу бөлүкчөлөрдүн багытын көзөмөлдөө үчүн көтөрүлгөн. 100дөн ашуун окумуштуулардын айтуусунда спутник аркылуу жиберилген маалыматтарды жерден изилдөөгө болорун билдирди.

Башкы инженер У Цзянядын айтымында, спутник кайсы жерде кандай иштеп жатканын билүү үчүн кошумча жумуш талап кылынган. Учурда спутник 504 чакырым бийиктиктеги орбитада, анын системалары жакшы иштеп жатат.

Көзгө көрүнбөгөн кара материаяны анын тартылуу күчү менен гана аныктоого болот. Бул электромагниттик толкундар менен тыгыз байланышта эмес, башкача айтканда өз ара ичинен жарыкты чыгара албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0