Facebook Марк Цукербергди жаңылыштык менен "өлдү" деп жарыялап алды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЛекция Марка Цукерберга в МГУ
Лекция Марка Цукерберга в МГУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ондогон колдонуучулар өздөрү тууралуу "каза болду" деп чыккан маалымат менен бөлүшүшкөн.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Популярдуу Facebook социалдык тармагы жаңылыштык менен бир катар колдонуучулардын о дүйнөгө узап кеткендигин жарыялап алды. Мындай маалымат колдонуучулардын баракчасына эстелик тактасы катары чыгып кеткен. Бул тууралуу РИА Новости Gizmodo маалымат агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Планшеттеги Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Instagram тармагында колдонуучулар үчүн онлайн-сатып алуу функциясы иштелип чыкты
Маалыматка караганда, "өлдү" деген маалымат Facebook социалдык тармагынын түзүүчүсү Марк Цукербергдин баракчасында дагы пайда болгон. Анда "Маркты жакшы көргөн адамдар анын элесин ар дайым эскерип жүрүшөт деп ойлойбуз" деп жазылган. 

Ондогон колдонуучулар өздөрү тууралуу "каза болду" деп чыккан маалымат менен бөлүшүшкөн. 

Facebook компаниясы мындай мүчүлүштүк кеткени үчүн колдонуучуларынан кечирим сурап, каталар оңдолгонун билдиришкен. Бирок канча адамдын баракчасына ушундай маалыматтар чыгып кеткенин так айтышкан жок. 

Facebook социалдык тармагы 2004-жылы 19 жаштагы америкалык студент Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. Компаниянын башкы кеңсеси Калифорниядагы Менло-Парк шаарында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0