Японияда 130 адам өлүм жазасын күтүп кезекте турат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүФлаг Японии
Флаг Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын мыйзамы боюнча соттолгон адам бир нече жылдан кийин гана өлүм жазасына тартылат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Японияда жума күнү бир жаран өлүм жазасына тартылганын РИА Новости NHK агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кэнъити Тадзириге уурулук жасоо максатында бир адамды өлтүргөнү үчүн ушундай өкүм чыккан. 

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр
2012-жылдын декабрь айында премьер-министрликке Синдзо Абэ келгенден бери өлүм жазасы 17 жолу аткарылган. 

Учурда 130га жакын адам өлүм жазасын күтүп жатат. Япониянын мыйзамы боюнча соттолгон адам бир нече жылдан кийин гана өлүм жазасына тартылат. 

Эл аралык укук коргоо органдары мындай ыкманы гумансыз деп атап, аны жокко чыгаруу сунушун берип келет. Соттолгон адам өлүм жазасын жылдар бою абакта күтүп жата берет. Жазага качан тартыларын ошол күнү гана билет. Японияда өлүм жазасы дарга асуу аркылуу ишке ашат. Мындай ыкманы жарандардын 85 пайызы колдой турганын сурамжылоо көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0