Брэд Питтке байланыштуу иликтөө иши токтоду

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГолливуд актеру Брэд Питтин архивдик сүрөтү
Голливуд актеру Брэд Питтин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо иштери жүргүзүлүп, дыкат иликтөөдөн улам атактуу актердун күнөөсүз экени аныкталган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Лос-Анжелестин балдарды коргоо кызматы актер Брэд Питтке байланыштуу иликтөө ишин жапты. Бул тууралуу РИА Новости TMZ порталына шилтеме берип жазды.

Маалыматтарга ылайык, аталган кызматтын өкүлдөрү Питт учактагы урушта балдарына кол көтөргөн эмес деген жыйынтыкка келишкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Брэд Питтин өзү, жубайы Анжелина Жоли, балдары, окуянын күбөлөрү сурамжыланып, дыкат иликтөөдөн кийин анын күнөөсүз экени далилденди.

Звездная пара актеров Анджелина Джоли и Брэд Питт - Sputnik Кыргызстан
Ажырашып жаткан Брэд Питт менен Анжелина Жоли Жаңы Орлеандагы үйүн сатышты
Эске салсак, Брэд Питт жубайы, балдары менен Лос-Анжелеске бара жаткан учактан жашы жете элек уулу Мэддокско кол көтөргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча эч ким полицияга арыз жазган эмес, бирок атактуулардын бул учуру басылмаларга тез эле тарап кеткен.

ФБР кызматкерлери шейшемби күнү Анжелина Жолинин Малибудагы үйүнө барып, окуя тууралуу балдарынан жана өзүнөн толук маалымат берүүсүн суранган. Анжелина Жоли "жубайлардын ортосундагы пикир келишпестиктен" улам ажырашууга документтерин тапшырган. Ошондой эле ал соттон алты баласын тең өзү менен калуусун өтүнгөн эле. Жубайлар көп жылдан бери чогуу жашап жүрүп, 2014-жылы баш кошкон. Алар көп балалуу бактылуу үй-бүлөнүн символу деп эсептелинчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0