Олимпиада-2020: мелдештерди Фукусима шаарында өткөрүүгө уруксат берилди

© AP Photo / Greg BakerФукусима шаарынын көрүнүшү
Фукусима шаарынын көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган шаарда 2011-жылкы катуу жер титирөөдөн атомдук станцияда ири авария болуп, окуя цунами менен коштолгон.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиаданын алдын ала боло турган раунддары үчүн Фукусима шаары тандалышы мүмкүн. Аталган чечимди уюштуруучу комитет кабыл алганын The Japan Times гезити жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, аталган шаарда 2011-жылы катуу жер силкинүүдөн атомдук станцияда ири авария болуп, окуя цунами менен коштолгон. Кырсыктан бир канча адам радиоактивдүү ууланууга учураган. Мындан сырткары, 300 миң жаран шаарды таштап кеткен. 

Аймактын губернотору Масао Утибори спорттук оюндарды өткөрүүгө азырынча так стадиондор аныктала электигин айтып, чечим 6-8-декабрь күндөрү өтө турган уюштуруучу комитеттин жыйынында кабыл алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0