Иваново: газ жарылып, кеминде беш киши каза болду

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүПродолжается расселение стихийного лагеря беженцев в Кале во Франции
Продолжается расселение стихийного лагеря беженцев в Кале во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматында, жабыркаган аймак 80 чарчы метрге жакындап барат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Иваново шаарындагы турак үйлөрдүн биринде болгон жарылуудан каза тапкандардын саны беш адамга жетип, алардын бири кичинекей кыз экендиги аныкталды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Бүгүн эртең менен Иваново шаарындагы үйлөрдүн биринде жарылуу болгон. ӨКМдин маалыматында, жабыркаган аймак 80 чарчы метрге жакындап барат.

Маалыматтарда кырсыкка имараттагы жаратылыш газынын жарылышы себеп болгондугу айтылат. 

"Беш киши каза болду, алардын үчөө аял, бирөө эркек жана төрт жашар наристе", — деп билдирди Россиянын Тергөө комитетинин өкүлү Ольга Долева РИА агенттигине.

Кырсыктан дагы алты киши жарадар болуп, экөө ооруканага жеткирилген. Булардан сырткары дагы эки кишинин тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0