Зыяндуу абадан Дели шаарындагы мектептер үч күнгө жабылды

© REUTERS / Adnan AbidiСильный смог в Нью-Дели, Индия
Сильный смог в Нью-Дели, Индия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий быйлик абанын бузулушуна кошуна провинциядагы акыр-чикирлерди өрттөгөн дыйкандарды күнөөлөп жатат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Зыяндуу абадан улам, Индиянын борбору Дели шаарындагы мектептердеги окуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу РИА Новости Делинин башкы министри Арвинд Кежривалга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Эске сала кетсек, буга чейин 1700 мектеп окуу процессин токтотууга аргасыз болгон.

"Шаардагы курулуш иштери беш, ал эми мектептердеги окуу үч күнгө токтотулду", — деди Арвинд Кежривал.

Министр бул жагдайга кошуна провинциядагы акыр-чикирлерди өрттөгөн дыйкандарды күнөөлөп, шаар тургундарын көчөлөргө чыкпоого үндөдү.

Белгилей кетсек, Индияда абанын тазалыгы боюнча маселе жыл санап өсүп жатат. Акыркы ирет абанын булганышы боюнча абал эң көйгөйлүү көрсөткүчкө жеткен. Бүгүнкү күндө расмий бийлик ар кыл иштерди жасаганы менен майнап чыгара албай келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0