Голливуд актеру Стивен Сигал Россия жарандыгын алды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАмерикалык актер жана продюсер Стивен Сигалдын архивдик сүрөтү
Америкалык актер жана продюсер Стивен Сигалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер буга чейин аталган өлкөнүн жарандыгын алса, Россияда ишкерлик менен алектенерин айткан.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин америкалык актер жана продюсер Стивен Сигалга өлкө жарандыгын берүү боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин расмий сайтына шилтеме берип жазды.

"1952-жылы 10-апрелде АКШда туулган Сигал Стивен Фредерик Россия Федерациясынын жарандыгына кабыл алынды", — деп жазылат президенттин буйругунда.

Стивен Сигал: беш бармактай даамдуу тамак жеген эмесмин - Sputnik Кыргызстан
Стивен Сигал: беш бармактай даамдуу тамак жеген эмесмин
Буга чейин америкалык актер Южно-Сахалинск шаарында болгон "Край света" эл аралык кинофестивалына катышкан учурда журналисттерге Россия ага абдан жагарын айткан. Ошондой эле орус жарандыгын алып калса, Сахалинде бизнес менен алектениши мүмкүн экенин айткан.

Мындан сырткары, актер Россияда "жакшы көргөн жана аны күткөн достору" менен убакыт өткөрүүнү каалаганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0