Австрияда эң кыска рейс ачылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак Швейцария менен Германиянын чегиндеги көлдөн учуп өтөт. Жүргүнчү коопсуздук ременин курчангыча эле, аба кемеси жерге коно баштайт.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Австриялык авиакомпаниялардын бири дүйнөдөгү эң кыска деп табылган аба каттамын ачты. Бул тууралуу The Local интернет-порталы жазып чыкты. 

Швейцариялык Санкт-Галлен-Альтенрхайн аймагынан Германиянын Фридрихсхафен тарабына өтүү үчүн болгону сегиз мүнөт кетет экен. 

​Жолдун узундугу болгону 20 чакырым. Компания күнүнө эки каттам жасоого ниеттенип жаткандыгын, бир тарапка билеттин баасы 40 евро экендигин билдирди. 

Басылманын маалыматына караганда, бул рекордду мурда башка чакан компания койгон. Анда Венадан Словакиянын борборуна чейинки жол 10 мүнөттү түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0