ЖМК: Сауд Аравияда канзаада жасаган кылмышы үчүн түрмөдө сабалды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭр-Рияд шаары. Архив
Эр-Рияд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канзаада кайсы себептер менен соттолгону айтылган эмес.

БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. Сауд Аравиясында канзаада Аль Сауд соттун өкүмү менен жасаган кылмышы үчүн камчы менен сабалды. Бул тууралуу РИА Новости аравиялык "Аль-Оказ" гезитке шилтеме берип жазды.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Пан Ги Мун өлүм жазасына каршы пикирин билдирди
Басылмада жазылгандай канзаада эркинен ажыратылып, дүйшөмбү күнү Жидда шаарында жайгашкан абакка киргизилген. Ал жактан Аль Саудду камчы менен сабашкан.

Канзада кайсы себептер менен соттолгону айтылган эмес.

Мындан сырткары, падышалык бийлик октябрь айында дагы бир канзаада Турки бен Сауд Аль Кебир досу Адиль аль-Мхеймидди өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылган.

Каролдук үй-бүлөнүн мүчөсүнө мындай жаза колдонуу Аравиянын монархиялык тарыхында биринчи жолу катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0