"Ислам мамлекети" Мосулга 50 миң жай тургунду күчтөп көчүрдү

© REUTERS / AZAD LASHKARIМосулдагы Ирак аскери. Архив
Мосулдагы Ирак аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер асманга ок атуу менен кишилерди чоң автобустарга жана жүк ташуучу унааларга салып, тирүү калкан кылуу максатында Мосулду жана Тель-Афарды көздөй алып жөнөшкөн.

БИШКЕК, 3-ноя.— Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери Мосул шаарынын түштүк тарабына калкан кылып коргонуу максатында айылдардан 50 миң адамды күч менен алып келишкен. Бул тууралуу Al Mada Press агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.

17-октябрдан бери Мосул шаарын террорчулардан бошотуу максатында Ирак аскер күчтөрү аракет көрүүдө.

"Чагымчыл топ Шура районунун 24 айылынан 10 миңдей адамды жана Кайяра районунан эки айылды басып алган", — деди жергиликтүү кеңештин мүчөсү Мохаммед аль-Жабури.

Маалыматтар боюнча террорчулар туткунга жай тургундарды, алардын ичинде оорулуу, сокур жана балдарды алышкан. Согушкерлер асманга ок атуу менен кишилерди чоң автобустарга жана жүк ташуучу унааларга салып, тирүү калкан кылуу максатында Мосулду жана Тель-Афарды көздөй алып жөнөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0